Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:41

Украинанын Одесса облусунда 32 миңдей абонент электр жарыгысыз калды


Одесса шаарына урулган сокку. 13-декабрь, 2025-жыл
Одесса шаарына урулган сокку. 13-декабрь, 2025-жыл

Украинанын Одесса облусунда 32 миңдей абонент электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу энергетика министринин милдетин аткаруучу Артем Некрасов шаршемби күнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 13-14-декабрда болгон жапырт чабуулдан аймактагы энергетикалык объектилердин бир нечеси зыян тартты. Күн сайын орто эсеп менен алганда негизинен майданга жакын жерлерде 400 миңдей кардар жарыксыз калып жатат.

Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер 16-декабрда подстанциялар жабыркаган Одесса шаарында өзгөчө татаал абал түзүлгөнүн, түйүндү пайдубалынан баштап калыбына келтирүүгө туура келгенин айткан.

The Washington Post гезити булактарына шилтеме менен соккулар Украинанын батыш аймагынан чыгышка энергия жеткирген системаны керектен чыгарышы ыктымал деп жазган. Дал ушул батыштагы облустарда энергиянын көбү өндүрүлөт.

Басылма менен маектешкен адамдын айтымында, Кремл «энергетикалык аралдарды» түзүү стратегиясын ишке ашырууда.

Расмий Киев жана эл аралык уюмдар жарандык инфраструктурага жана жайкын тургундарга сокку урууну согуш кылмышы катары сыпаттайт. Ал эми орус бийлиги далилдерге карабай, аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG