Президент Дональд Трамп АКШга кирүүгө тыюу салынган мамлекеттердин тизмесин кеңейтти. Кара тизмеге Сирия, Мали, Буркина-Фасо, Нигер, Түштүк Судан, Лаос, Сьерра-Леоненин жарандары жана Палестина автономиясынын паспорту бар кишилер киргизилди. Бул тууралуу Ак үйдүн 16-декабрдагы билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматка караганда, сөз болгон өлкөлөр АКШнын улуттук коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту коргоо үчүн текшерүү, маалымат алмашуу процедураларында чоң кемчиликтерди кетирген.
Жаңы чектөө эмки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмекчи.
Буга чейин ушундай эле тыюу Ооганстан, Мьянма, Чад, Конго жумурияты, Экваториалдык Гвинея, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемендин жарандарына салынган.
Бир нече африкалык жана латын америкалык өлкө жарым-жартылай чектөөгө туш болду.
Ошол эле маалда Түркмөнстандын жарандарына киргизилген буга чейинки айрым чектөөлөр алынып салды. Бирок өлкө «кара тизмеде» кала берүүдө. Эми түркмөнстандыктар АКШга иммиграциялык эмес виза менен кире алат. Иммиграциялык визалар менен кирүүгө тыюу алынган жок.
Документке ылайык, Түркмөнстандын бийлиги Вашингтон менен бул багытта «натыйжалуу кызматташып, идентификациялык башкаруу процедураларын жакшыртуу жана маалымат алмашууда олуттуу прогресс көргөзүүдө».
АКШнын Мамлекеттик департаменти сентябрь айында бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Анда мындай чечим Трамптын “АКШны чет элдик террорчулардан жана башка улуттук, коомдук коркунучтардан коргоо” буйругуна ылайык кабыл алынганы белгиленген.
Ага ылайык, кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, мындан ары үч ай болуп кыскарган, бул виза менен АКШга бир гана жолу кирүүгө болот.
B-1/B-2 визалары – АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.
Июнь айында АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Мамлекеттик департаменттин катына шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана Африка, Кариб, Тынч океан аймагындагы өлкөлөр кирген.
Андан соң Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси АКШнын Бишкектеги элчилиги жана Вашингтондогу элчи Айбек Молдогазиев сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.